Илон Маск Твиттердин ээси болду

Планетанын эң бай адамы, ишкер Илон Маск Твиттер социалдык тармагын 44 миллиард долларга сатып алуу келишимин ишке ашырып, компаниянын жаңы жетекчиси болду. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышат.

Маалыматта айтылгандай, Маск социалдык тармакты өз көзөмөлүнө алгандан кийин Твиттердин башкы директору Параг Агравал жана каржы директору Нед Сегал компаниянын жетекчилигинен кетишти.

"Твиттердин акциялары жума күнү Нью-Йорк биржасында соодадан чыгарылат. Ал ошондой эле платформадагы контентти модерациялоо эрежелерин жумшартууну жана бөгөттөрдү, анын ичинде АКШнын мурдагы президенти Дональд Трамптын аккаунтун бөгөттөн чыгарууну убада кылды.

Илон Маск жаңы жетекчи тапканга чейин компаниянын жетекчисинин милдетин аткаруучу болору күтүлүүдө.

Буга чейин ишкер Твиттерди сатып алган соң кызматкерлердин 75 пайызын иштен алары айтылган, бирок Илон Маск иштен эч кимди кетирбей тургандыгын билдирди", - деп жазылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан