Супер фактылар: Кызыл планетада күндүн батышы көк түстө болгон Марс тууралуу кызыктуу фактылар

Күн системасындагы кичинекей планеталардын катарын толуктаган Марс планетасы тууралуу кызыктуу фактыларды айтып беребиз. Кызыл планета адамзаты эң көп изилдөө жүргүзгөн планета болуп саналат. Балким, келечекте дал ушул планетага адамдарды отурукташтыруу болот деген божомолдор айтылып келет. Бүгүн дал ушул кызыл планета тууралуу кызыктуу фактыларды тизмектейбиз.

  • Радиусу 3 396 чакырым;
  • Массасы 6,417 × 10^23 килограмм;
  • Жерге чейинки орточо аралыгы 225 миллион чакырым;
  • Үстүнкү температурасы -143 °C'дан 35°C'га чейин;
  • Бир сутка 24 саат 39 мүнөт 35 секундага созулат;
  • Бир жыл 687 күндү түзөт;
  • Жашы 4 миллиард 503 миллион жыл;
  • Аталышы байыркы римдиктердин согуш Кудайынын атынан коюлган.

Марста канча мезгил бар? Белгилүү болгондой, планетадагы мезгилдердин алмашуусу анын айлануу огунун кыйшаюусуна байланыштуу. Марстын айлануу огунун кыйшаюусу Жердикине абдан окшош: Кызыл планета 25,2° бурчта, ал эми Жер - 23,5° бурчта кыйшайган. Ушул себептен Марста төрт мезгил бар: жаз, жай, күз жана кыш. Бирок Марстагы ар бир мезгил Жердегиге караганда болжол менен эки эсе узак созулат. Бул Марстын Күндүн айланасында бир айлануусун бүтүрүү үчүн дээрлик эки жыл талап кылынганына байланыштуу.

Жер планетасынан Марска чейинки аралык канча чакырымды түзөт? Марс менен биздин планетанын ортосундагы аралык дайыма өзгөрүп турат. Жерден Марска чейинки максималдуу аралык 401 миллион чакырым, минималдуу 54,6 миллион чакырым. 2003-жылы Марс менен Жердин аралыгы 60 000 жылда биринчи жолу бири-бирине эң жакын аралыкта болгон, анда эки планетанын аралыгы 55,7 миллион чакырымды түзгөн.

Кызыл планетага учуп баруу канча убакытка созулат? Марска космостук аппаратты учуруу үчүн эң жакшы убакыт - кызыл планетанын Жерге эң жакын жакындашына үч ай калганга чейинки аралык. Мындай конвергенция эки жылда бир болот. НАСАнын маалыматы боюнча, Марска орточо учуу болжол менен 9 айга созулат.

Марска болгон миссиялар. Жерге салыштырмалуу жакын жайгашкандыктан, Марс көптөгөн космостук миссиялардын бутасы болуп келген. 1960-жылдан бери кызыл планетага 50гө жакын миссия жөнөтүлүп, алардын жарымы гана ийгиликтүү болгон. Алардын акыркыларынын бири катары 2021-жылы Кытайдын "Тяньвэн-1" миссиясын айтсак болот. Анын алкагында "Чжучжун" аппараты НАСАга тиешелүү эмес болгон биринчи марсоход болуп калды. Ошондой эле 2021-жылы апрель айында НАСА өз кемесин кызыл планетага кондурган.

Марстын структурасы. Башка үч жер планетасы (Меркурий, Венера жана Жер) сыяктуу эле Марс да таштак асман телосу болуп саналат. Марста өзөк (ядро), мантий жана жер кыртышы бар. Кызыл планетанын өзөгү темир, никель жана күкүрттөн турат. Ал силикат мантиясы жана темир, магний, алюминий, кальций жана калийден турган жер кыртышы менен курчалган. Марс топурагында темир кычкылынын басымдуу болушу ага өзүнүн мүнөздүү кызыл түсүн берип турат.

Жер сыяктуу эле кызыл планетада өрөөндөр, чөлдөр, тоолор жана полярдык муз капкактары бар. Марста байыркы дарыя дельталары да табылган, бул планетада бир кезде суу болгондугунан кабар берет.

Атмосферасы. Марстын атмосферасынын 95 пайызы көмүр кычкыл газынан турат. Ал эми биздин планетанын атмосферасы азот менен кычкылтекке бай. Мындан улам Жердин жашоочулары Марста эркин дем ала алышпайт.

Жандоочусу. Марстын эки жандоочусу (спутник) бар - Деймос жана Фобос. Алар Күн системасындагы эң кичинекей жандоочу болуп саналат.

Абанын температурасы. Марс абдан суук планета. Марста орточо температура -62°С. Бирок окумуштуулардын айтымында, Марста абанын температурасын адамдар Жерге караганда башкача сезет. Марста суу буусу жана аба молекулалары өтө аз, ошондуктан -70°C Жердеги 34°C сыяктуу сезилет.

Өзгөчөлүктөрү:

  • Марста Күн системасындагы эң чоң жанар тоо Олимп тоосу жайгашкан. Жанар тоонун бийиктиги 21 чакырым, бул Эвересттин бийиктигинен 2,5 эсе жогору;
  • Марстын жандоочусу Фобос жылына болжол менен 2 сантиметр ылдамдык менен Кызыл планетага жакындап баратат. 50 миллион жылдан кийин Фобос же Марстын бетине урап түшөт же чачырап планетанын айланасында шакекче пайда болот деген божомол бар;
  • Миллиарддаган жылдар мурун Марс Жерге абдан окшош болгон. Кызыл планетада алгачкы жашоо формаларын камтыган суюк суу океандары болгон. Бара-бара Марс күн шамалынын таасири астында атмосферасынын көбүн жоготуп, планетанын бети кургап калган дешет окумуштуулар;
  • Марста күндүн батышы көк түстө көрүнөт. Себеби Марс менен Жердин атмосфералары башкача. Марста атмосфера тыгыз жана чаңдуу. Чаңдын курамында өтө кичинекей бөлүкчөлөр бар. Күндүз эң кичинекей чаң бөлүкчөлөрү күн нурунун спектринин көк бөлүгүн өзүнө сиңирип алат, мындан улам Күндүн батышы көк түстө көрүнөт.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
aslan_akjol89
2022-10-30 20:55:00
Мен баргым келбей калды Марска,жылына 2см жакындап жатыптыр спутниги.50миллион жылдан кийин Марска кагылышат экен.Тынч эле биякта журо берейин )))
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан