Бишкекте "смотрящий" статусуна ээ болгон жаран кармалды. Алар абакка баңгизаттын ири партиясын ыргытууга шектүүлдө

Баңгизаттын ири партиясын түзөтүү абагына ыргыткан шектүүлөр кармалды. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Кабарлангандай, 10-октябрда белгисиз адамдар Жазаларды аткаруу кызматынын №3 мекемесинин аймагына тыюу салынган буюмдарды ыргыткан. Баңгизат сырткы тосмо аркылуу ыргытылып, бирок көзөмөлдөөчү тилкеге түшүп калган. Жерден скотч менен оролгон өзгөчө жыты бар кочкул-жашыл түстөгү эки таңгактагы зат табылган. Соттук-химиялык экспертизанын корутундусуна ылайык, режимдик мекеменин аймагына алып өтүүгө аракет кылган заттар жалпы салмагы 2 килограмм 206 граммды түзгөн гашиш баңгизаты болуп чыккан.

Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 282-беренеси менен кылмыш иши козголгон.

Жүргүзүлгөн иш-чаралардын алкагында баңгизатты ыргытууга тиешеси бар жарандардын аты-жөнүн аныкталып, шектүүлөр айдап жүргөн Дэу-Нексия үлгүсүндөгү унаа дагы табылган.

Жакында көрүлгөн чаралардын натыйжасында, жогорудагы көрсөтүлгөн кылмышка шектүү катары мурда соттолгон, кылмыштуу чөйрөдө "Смотрящий" статусуна ээ болгон Чүй облусунун 1994-жылы туулган тургуну А.уулу Т., анын шериги Чүй облусунун 1980-жылы туулган тургуну М.Э. кармалды. Кармалган жарандар Бишкек ШИИББдин убактылуу кармоочу жайына киргизилген.

Соттун чечими менен кармалган жарандарга карата камакка алуу түрүндөгү бөгөт чарасы тандалды. Учурда мындан аркы ыкчам-иликтөө иш-чаралары жүргүзүлүп, соттолгондордун арасында шектүүлөрдү аныктоо боюнча иш-чаралар жүргүзүлүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Maz
2022-10-28 20:33:00
Ушугон йигит смотрящий?
0
Батя брат
2022-10-28 21:22:00
Ушуга окшогондор сакалдын баркын кетириштиго! Кимиси бандит ,кимиси молдо билбейсиң!
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан