Бишкек шаарында 30-октябрда пара сууда сүзүү боюнча республикалык чемпионат өтө турганын Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришти.
Маалым болгонжой, мелдештин катышуучулары 25, 50 жана 100 метр аралыктарга эркин сууда сүзүү, брасс, такта менен сүзүү жана далы менен сүзүү боюнча жарышат.
Мелдеш Дене тарбия жана спорт департаментине караштуу Спорттун олимпиадалык түрлөрү боюнча дирекциясы жана пара сууда сүзүү федерациясы тарабынан уюштурулууда.