Түштүк Кореяда улуттук аза күтүү жарыяланды. Бул тууралуу жергиликтүү басылмалар жазууда.
30-октябрга караган түнү Түштүк Кореянын борбору Сеулда Хэллоуин майрамын белгилөө учурундагы тыгындан 150дөн ашык адам каза болуп, 100дөй киши жаракат алган.
Жабырлануучулар Итхэвондогу Гамильтон мейманканасынын жанындагы тар көчөгө чогулган элдин арасында болушкан.
Жабыркагандардын көбү 10 жаштан 30 жашка чейинкилер. Белгилүү болгондой, каза болгондордун арасында Иран, Кытай, Норвегия, Орусия жана Өзбекстандын жарандары бар.
Маалымат каражаттарынын маалыматына караганда, Хэллоуин майрамын белгилөө үчүн аймакка 100 миңдей адам чогулган. Анткени узак убакыттан бери биринчи жолу COVID-19га байланыштуу чектөөлөрсүз көчөдө жүрүүгө уруксат берилген болчу.