Күндүн сүрөтү. NASA жылмайган Күндүн сүрөтүн жарыялады

Америка Кошмо Штаттарынын Аэронавтика жана космос мейкиндигин изилдөө боюнча улуттук башкармалыгынын (NASA) Күн динамикасы обсерваториясы Күндүн адаттан тыш сүрөтүн тартты. Анда Күн жылмайып жаткандай көрүнөт, бирок чындыгында бул, албетте, андай эмес.

Чет элдик басылмалар жазгандай, сүрөттө даана көрүнүп турган “жылмаюу” – бул ультрафиолет нурунда көрүнгөн кара тактар. Алар короналдык тешиктер деп аталат, алардын аймагында плазманын тыгыздыгы жана температурасы төмөндөйт. Ошентип космостук обсерваториянын сүрөттөлүшүндө эки короналдык тешик жымыңдаган көздөр сыяктуу көрүнөт.

Күн динамикасы обсерваториясына келсек, ал 2010-жылдын февраль айында космоско учурулган. Ал ар бир 12 секунд сайын Жерге маалыматтарды өткөрүп турат жана алардын көлөмү күнүнө болжол менен 3 терабайтка жетет. 2010-2015-жылдар аралыгында обсерватория 2600 терабайтка жакын маалыматтарды, анын ичинде 200 миллион фотосүрөттөрдү өткөрүп берген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан