Футбол: Гүлжигит Алыкулов укмуштуудай гол киргизди (видео)

Футбол боюнча Кыргыз улуттук курама командасынын жарым коргоочусу Гүлжигит Алыкулов Казакстан чемпиондугунда алыскы аралыктан укмуштуудай гол киргизди.

Кечээ, 30-октябрда "Кайрат" футболдук клубу өз үйүндө "Аксу" клубун кабыл алды. Бул оюнда Гүлжигит Алыкулов 73-мүнөттө алмашууга чыгып, 89-мүнөттө алыскы аралыктан укмуштуудай гол жаратты.

Оюн 2:0 эсебинде "Кайрат" клубунун жеңиши менен аяктады.

Бул кооз гол кыргыз футболчусунун Казакстан чемпиондугунун быйылкы сезонундагы экинчи голу.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан