Бүгүн, 31-октябрда өздүк майрамын эстрада ырчысы Кызсайкал Кабылова белгилеп жатат. Ырчыны туулган күнү менен куттуктап байланышканыбызда, бул жылы өздүк майрамын жылдагыдай белгилебей турганын билдирди.
"Жыл сайын дүңгүрөтүп, элдин баарын чакырып белгилечү элем. Быйыл чоңоюп калдымбы билбейм, бирок белгилебей эле коёюн дегем. Ага курбу кыздарым макул болбой коюшту. Ошондуктан жакындарымды эле чакырып, аз эле адамдын курчоосунда белгилеп коёлу деп жатабыз. Эртең мененден бери жакындарымдан, күйөрмандарымдан куттуктоолорду алып жатам. Ал эми биринчилерден болуп байкем куттуктап, алтын шакек белек кылды", - дейт ырчы.
Кызсайкал Кабылова 1999-жылдын дал ушул күнү Бишкек шаарында төрөлгөн. Ал "Кусалык", "Мен болоюн", "Ажырасак" жана башка ырлары менен белгилүү.