Белгилүү ММА мушкерин тыюу салынган соккудан кийин рингден алып кетишти (видео)

Белгилүү мушкер Жефф Монсоннду тыюу салынган соккуну өткөрүп алгандан кийин рингден алып кетишти.

Орусияда өткөн "Draka" турниринде Монсон жергиликтүү Александр Ильясов менен кез келген. Беттештин экинчи бөлүгүндө Ильясов атаандашына тыюу салынган соккуну, тагыраагы буту менен атаандашын башка тепкен.

Мындан улам беттеш токтотулуп, дарыгерлер Монсонду көтөрүп кетишти. Ал эми Александр Ильясов дисквалификация болуп, бул беттеш өткөн жок деп табылды.

Белгилей кетсек, Жефф Монсон ММА уюмунда 1997-жылы дебют жасаган. Мындан тышкары ал UFC, M-1 Global, Alash Pride жана башка көптөгөн уюмдарда беттеш өткөргөн.

?showinfo=0&rel=0" frameborder="0" allowfullscreen>

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан