Ысык-Көлдө бир эле күндө 4 миңге чукул түк чөп өрттөндү

Ысык-Көл облусунда бир эле күндө эки ири өрт кырсыгы катталды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, өрт кырсыктары Ак-Суу жана Түп районунда катталган. Анда ири көлөмдөгү түк чөптөр өрттөнгөн.

Биринчи өрт кырсыгы 30-октябрь күнү саат 15:40 чамасында Ак-Суу районуна караштуу Каракол айылындагы Токтогул көчөсүндө жайгашкан үйлөрдүн биринде болгон. Анда 500 түк чөп, 840 түк саман өрттөнгөн. Өрт саат 16:40та чектөөгө алынып, 22:12де толук өчүрүлгөн.

Экинчи өрт кырсыгы ушул эле күнү саат 17:30 чамасында Түп районунун Түп айылынын Ворошилов көчөсүндө жайгашкан турак үйдүн короосунда болгон. Ал жерде жалпы 2500 түк чөп жана 75 чарчы метр бастырма күйгөн. Өрт түнкү саат 02:15те толук өчүрүлгөн.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Antiradikal11
2022-10-31 21:07:00
Садыр Аферист менен Камчы Доопарастын Жогорку Кенештеги чимкириктери Кемпирабаддын сатылышын комитетте колдоп беришти. Эми Аферист менен Мирзиеев кол койсо, Жогорку Кенештеги 70-80 чимкирик Кемпирабад сатылсын деп колдоп берет... Кемпирабадды сактап калуунун жалгыз жолу - Кемпирабаддын сатылышын кутпой, токтоосуз 2 доопарасты бийликтен кууп тушуу. Башка жол жок... Болбосо ата-бабаларыбыздан мурас калган стратегиялык жерден да, суудан да туболукко кол жууйбуз. Ойгонгула КЫРГЫЗ ЭЛИМ!!!
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан