Ырчы Кызсайкал Кабылованын сүйүктүүсү колун сурады. Бул тууралуу ал социалдык тармактагы баракчасына жазды.
Ага чейин ырчы SUPER.KG порталына өздүк майрамын жылдагыдай эмес, жакындарынын курчоосунда гана белгилей турганын билдирген.
"Качан турмушка чыгасың? Жигитиң барбы?" деген суроолорго биротоло чекит коё турган убакыт келиптир да көрсө. Мен макулдугумду бердим.Туулган күндөн кийин ушундай окуя болду. Ар бир адам, ар бир инсан бактылуу болууга татыктуу. Жигитим эмес, жолдошум бар деп айтайын деп калчу эмес белем.
Сиздер менен бөлүшүп коёюн дедим", - деп жазып сүрөтүн жүктөдү.
Белгилей кетсек, Кызсайкал Кабылова кечээ, 31-октябрда туулган күнүн белгилеген.