
Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция комитети 31-октябрда Кемпир-Абад суу сактагычын Кыргызстан менен Өзбекстандын биргелешип башкаруусу жөнүндөгү келишим долбоорун жактырды.
Добуш берүү учурунда депутаттар Адахан Мадумаров, Нуржигит Кадырбеков жана Чыңгыз Айдарбеков маселенин каралышына каршылыгын билдирип, жыйындан чыгып кетишкен. Ал эми жыйынга катышкан бардык депутаттар келишим долбоорун жактырышканы маалым болду.
Процедура боюнча эми эки өлкөнүн президенттери документке кол коюп, аны Жогорку Кеңештин кароосуна жана ратификациялоого жөнөтөт.