Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Алтынбек Максутов Бириккен улуттар уюмунун Кыргыз өлкөсүндөгү туруктуу координатору Антье Гравени кабыл алды. Бул тууралуу аталган министрликтин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, жолугушууда тараптар жаштар темасындагы туруктуу өнүгүү максаттарын жана ишке ашыруу алкагында жүрүп жаткан биргелешкен долбоорлорду талкуулашкан.
Антье Граве Кыргыз өлкөсүнүн дүйнөлүк аренадагы активдүүлүгүнө көз салып турганын белгиледи. Мындан сырткары жакында БУУнун Адам укуктары боюнча кеңешине шайланышы менен куттуктап, өлкөдө адам укуктарын өнүктүрүү максатында уюм мындан ары да иш алып барууга даяр экенин билдирди.
Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар сүйлөшүлгөн багыттар боюнча кызматташууга даяр экенин белгилешип, түзүлгөн байланыштарды биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу үчүн пайдаланууга макулдашышты.