Белгилүү орусиялык мушкер Александр Писарев 33 жашында күтүүсүздөн каза болду. Мындай маалыматты Орусиянын жергиликтүү басылмалары жазышты.
Маалыматка ылайык, мушкердин эмне себептен каза болгону тууралуу маалымат жок. Алдын ала маалыматтарга караганда, анын өнөкөт оорулары жок жана мушкер уктап жатып каза болгон. Учурда мушкердин жансыз денесине карата медициналык кароо белгиленди.
Анын жубайы жолдошунун каза болгонун уккандан кийин ооруканага түштү.
Александр Писарев грэпплинг боюнча Москванын чемпиону, ММА боюнча Борбордук федералдык округдун чемпиону жана ММА боюнча Европа чемпиондугунун финалисти болгон.