Поэтерапия: "Топурагың кымбат мага, Баткеним! Сенден тарап, кайра сага баш катам"

SUPER.KG порталы "Поэтерапия" рубрикасы аркылуу таланттуу акындардын калеминен жаралган ыр саптарын окурмандарына тартуулоону улантат. Бул жолку каарманыбыз жаш акын, өрүкзардын кызы Гүлзат Кудайбердиева.


Кудайбердиева Гүлзат Сайпидиновна 1989-жылдын 6-сентябрында Баткен районунун Ак-Сай айылында туулган. Баткен мамлекеттик университетинин орус тили жана адабияты факультетин аяктаган. Ал эми эмгек жолун Б.Мергенов атындагы орто мектебинде мугалим болуу менен баштаган. 2018-жылы Баткен облустук мамлекеттик телерадиокомпаниясында кабарчы болуп эмгектенсе, андан кийин А.Жайнаков атындагы Баткен облустук музыкалык-драма театрынын Көркөм жетекчисинин адабий драмалык бөлүм боюнча жардамчысы болгон. Учурда Баткен регионалдык шаар куруу жана архитектура боюнча башкармалыгынын пресс-катчысы болуп иштейт. Мындан сырткары "Нур" компаниясы тарабынан “Москва кайрыктары” адабий клубунун Баткен облусундагы координатору болуп дайындалган.

Алган сыйлыктары:

  • КРнын Кыргыз тили коому тарабынан “Ыйык тил” төш белгисинин ээси;
  • Москва кайрыктары адабий клубунун “Мыкты жетекчи” төш белгисинин ээси;
  • Рухэш коомдук агартуу сайтынын “Мыкты эне” номинациясынын ээси.
  • “Москва кайрыктары” адабий клубунун ардак грамотасы менен сыйланган.

Жазган ырлары “Эл деми”, “Нур”, “Кызыл-Туу”, “Баткен таңы”, “Тил жана маданият” гезиттеринде жана “Жетиген” журналында жарык көргөн. Аны менен катар ондогон ырлары жаралып, бүгүнкү күндө эстрада жылдыздары ырларына обон жаратып, эл алдында ырдап келишет. Алардын катарында калк арасында белгилүү болуп, хит чыгармаларга айланган Ильяз Абдыразаков "Сенин көзүң башкача", Толкунбек Курманбеков "Жакшынам", Айжамал Кабылова ырдап жүргөн "Жашоону сүйүп жашагын", "Ойно, ойно" аттуу чыгармалар бар.

Каарманыбыз өзүн "атамдын кызымын" деп эсептейт. Анткени атасына өзгөчө жакын.

"Азыркы күнгө чейин атама эркелеп, бардык маселеде аны менен кеңешип, көрсөткөн жолу менен жашоодо ордумду таап келем. Атамдын айткан накыл кептери мага дайыма дем берет. Атам - менин коргоочум", - дейт каарманыбыз.

Атасына болгон урмат-сыйын ыр саптары аркылуу айтып берүүгө аракет жасаган.

АТАМА КАТ

Сизден алган эрктүүлүк сапат менен,
Каршы чыккан жүздөргө турдум бекем.
А аялга эрктүүлүк жарашпасын,
Алсыздыгым ар убак далилдеген.

Сизден өткөн тайманбас, өжөрлүктөн,
Тагдыр берген сыноого чыдап келем.
Чындык үчүн тик туруп күрөшсөм да,
Кээ учурда жалганга башым ийем.

Каттуулукту үйрөнүп сизден ата,
Муштумунан турмуштун коркпой келем...
Бет кап кийип, өздүгүн унуткандын
Мен жанында өзүмдү эркек сезем!

Жалганына жашоонун эми көндүм,
Өз энесин алдаган эрди көрдүм.
Чынчылдыкка үйрөткөн атам бар, деп,
Сыймыктанып, кубанып жашым төктүм.

Чынчылдыкка үйрөткөн сиз бар үчүн,
Башым бийик көтөрүп күлүп өтөм!

"Топурагың кымбат мага, Баткеним!

Сенден тарап, кайра сага баш катам", - ушул ыр саптары жүрөгүмө өзгөчө жакын. "Баткеним" аттуу ырым менен туулган жериме болгон сүйүүм чексиз экенин айткым келген. Бул ырым 2017-жылдын октябрь айында, күздүн сыйкырдуу кечтеринин биринде жаралган.

БАТКЕНИМ


Тоо жыттанып этек-жеңим, көйнөгүм,
Тоо койнунда өстүм, өндүм, көгөрдүм.
Көкүрөгү тоодой келген кең пейил,
Чептей бекем, эрдиги күч элденмин.

Алакандай болгон Баткен жеримдин,
Ааламга тең касиеттүү жери миң.
Атак-даңкы дүнүйөгө тараган,
Чыгаандары жашап өткөн жерденмин.


Киндин каным тамып, үнүм жаңырган,
Мен төрөлүп, менден бүлө тараган.
Топурагың кымбат мага, Баткеним!
Сенден тарап, кайра сага баш катам.

Башка акындар сыяктуу эле менде да сүйүү темасына арналганы ырларым басымдуулук кылат. Менимче, бул ыйык сезимдин улуулугун, аруулугун, назиктигин даңазалагандар акындар болуп саналат. Акындар жараткан чыгармалар аркылуу сүйүү сезими дагы да даңазаланып келет. "Сен" деген чыгармам жүрөгүмдүн ээсине арналган. Чыныгы сезимге кабылган кезде ушул ыр саптары жазылган.

СЕН

Бул дүйнөдө эң бактылуу мен болсом.
Ал бакыттын себепчиси, демек, сен.
Мага аба кандай керек болсо, эгер.
Ал абадай сен да мага керексиң.

Алга карай сүрөп улам демиткен,
Тамырымда агып жаткан канымсың.
Сен деп ооруп, сенден гана айыгаар,
Жүрөгүмө дабаа болор даарысың.

Түгөлдөнүп сени менен дүнүйөм,
Эң бактылуу жалгыз мен деп түшүнөм.
Каршы чыкса деле мейли бүт аалам,
Күлгөнүңдөн кубат алып күчтөнөм.

ДИЛ МАЕК

-Арыба, дос! Кандай учур абалың?
-Сурай көрбө! Дил күйүүдө алоосуз!
Издеп таппай өткөн жалган өмүрдөн
адамдардын изин басып күнөөсүз,
Акыйкаттын артын кууп барамын.

-Акыйкатты кимдер тапты?! А кайдан?!
"Акыйкат бар" деген өзү акмактык!
Ал жашабайт жер үстүндө.
Жок такыр.
Жадагалса, жашап жазган ырыңда!
Аны тапкан жатат жерди жазданып...

Ыйлаба, дос?! Бийик көтөр башыңды!
-Амал менен ооругандар кейитет...
-Жазаасы ал - мансап, бийлик, токчулук,
Арасында көптүн өзүн жоготкон,
(Баары эмес) кээ бир төмөн адамдын.

Кээде керек намыстан да бүк түшүү,
Баркы түшпөс үчүн баалуу бирөөнүн...
Артка кайтуу - жеңилгендик же чөгүү,
деген эмес! Тескеринче, күчтөнүү,
өз алдынча чыйралуу деп түшүнүү.

ЭМНЕ ТАПТЫҢ?

Өз дүйнөмө батпаган жүрөк менен,
Эч бирөөгө жакпаган мүнөз менен,
Өзүмдү өзүм сүйө албай жүрсөм анан,
Кай жеримди жактырып, сүйдүң билбейм...

Ширин сөзүн аячу мүнөзүмдөн,
Мээрими жок башкага көздөрүмдөн,
Жылуулукту сиңирип жан дүйнөңө,
Жай болдумбу кышында үшүтпөгөн?

Мүмкүнчүлүк берилбей тандоо жактан,
Бул жашоодон орун таппай жүргөн жандан,
Бир муштумдай жүрөктүн ээси болгон,
Эмне таптың жарытар акын кыздан?

АЛ

Ал бирөөгө ачыла албайт, төгүлбөйт,
Анын сыры жүрөгүндө катылуу.
Жүрөгүндөй, жүрөк керек анүчүн
туюп укчуу ар бир сөзүн - бир кыздын.

Ал жаралуу. Көптөр байкай алышпайт,
Бирөө гана угат аны, түшүнөт...
Өз каалоосун четке кагып тандаган,
Жашоосуна өзү күйүп, өкүнөт.

Эрки жетип, артка таштап кадамын,
Өзүнөн да кеткиси бар, жашынат...
Ал сүйүлбөйт, сүйбөйт дагы эч кимди,
Керек ага бир көкүрөк уга алган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан