"Байге фонду 231 миң доллар". Бишкекте Самбо боюнча Дүйнө чемпиондугу өтөт

11-13-ноябрь күндөрү Бишкек шаарында алгачкы жолу самбо боюнча Дүйнө чемпиондугу өтөт. Бул тууралуу спорт департаментинен кабарлашты.

Дүйнө чемпиондугуна 50гө жакын өлкөдөн 500дөй спортчунун катышуусу күтүлүүдө. Ошондой эле Эл аралык самбо федерациясынын президенти Василий Шестаков дагы келет.

Дүйнө чемпиондугунун алкагында төмөнкү салмак категорияларда беттештер өтөт: Эркектер: 58, 64, 71, 79, 88, 98, 98+ кг;

Кыз-келиндер: 50, 54, 59, 65, 72, 80, +80 кг;

Күжүрмөн самбо: 58, 64, 71, 79, 88, 98, 98+ кг.

Дүйнө чемпиондугунун байге фонду 231 миң долларды түзөт.

1-орун - 4000 доллар;

2-орун - 3000 доллар;

3-орун - 2000 доллардан (ар бирине).

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан