Жарандык активист Семетей Талас уулу камакка алынды. Бул тууралуу укук коргоочу Азиза Абдирасулова билдирди.
Маалыматка ылайык, активист экстремисттик материалдарды тараткан деп шектелип жатат. Ал 48 саатка камакка алынды.
Эске салсак, бүгүн блогер Ички иштер министрлигине суракка чакырылган. Анын үйүнө кызматкерлер келип, министрликтин тергөө кызматына алып кетишкен.