Таш-Көмүрдө батирден пенсионердин жансыз денеси табылды

Жалал-Абаддын Таш-Көмүр шаарында батирден 63 жаштагы аялдын сөөгү табылды. Бул тууралуу маалыматты Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Белгилүү болгондой, куткаруучулар шаардын 1-кичи районунда жайгашкан үйдүн батиринин бекилип калган эшигин ачышканда ичинен 1959-жылы туулган С.Э. аттуу аял кишинин сөөгү табылган.

"Маркумдун сөөгү милиция кызматкерлерине өткөрүлүп берилди" деп айтылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан