Бүгүн, 2-ноябрда Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Жанар Акаев убактылуу кармоочу жайларда бейкүнөө жарандар отургандыгын айтып, сот системасындагы абал начар экендигин белгиледи.
Эл өкүлү Бишкектеги №1 тергөө абагына барып, ал жакта камакта отургандардын абалы менен таанышып келгендигин билдирди.
"Кечээ күнү төрт депутат №1 СИЗОго кирип камалгандар менен жолугушуп чыктык. Ал жерде бир гана саясий негизде камалган активист, блогер, саясатчылар эмес, ар кандай негизде камалган аялдардын көбү менен жолуктук. Сот системасына өтө нааразы. "Айлап, жылдап күтүп жатабыз, сот отурумуна улам келебиз, улам жылдырып коёт" дейт. Бир аял 6 миң сом уурдады деген шек менен 3 баласын калтырып, түрмөдө жаткан экен. Ал акчаны уурдабагандыгын айтып, сыздап отурат. Мына акыбал ушундай", - деди Акаев.
Ошондой эле ал "Массалык башаламандыктарды уюштурууга даярдануу” беренесинин алкагында кармалгандарга да жолукканын айтып, аларды бошотуш керек деген пикирин билдирди.
"Кемпир-Абадды коргоо комитети деп камалгандардын баары бир ооздон "биз эч кандай башаламандыкка, ызы-чууга үндөгөн эмеспиз, болгону оюбузду билдирип, тынч жыйындарды өткөрүүнү гана пландаганбыз" деп айтышты. Атай Бейшенбек деген жигит болсо бул комитеттин өкүлдөрү менен жолукпаганын, жада калса телефон аркылуу да сүйлөшпөгөндүгүн, Фейсбукта пост жазганы үчүн камап койгонун айтты. Алардын бөгөт чарасы шаардык сотто каралганда адилеттүү карап, саясий чыңалууга алып барбай ушулардын баарын бошотуш керек. Көчөгө чыкпаса, башаламандык жөнүндө сөз да болбосо камалганы туура эмес. Болбосо анда Баш мыйзамга "эки кишиден ашык чогулганга болбойт, сүйлөшпөгүлө, чай ичпегиле" деп жазып коюшубуз керек", - деди эл өкүлү.
Ошол эле учурда ал жакта Жаза аткаруу кызматынын кызматкерлери тарабынан эч кандай басым-кысым жоктугун жана алардын жасаган мамилеси сылык экендигин белгиледи.
Белгилей кетсек, Кемпир-Абад ишине байланыштуу жыйырмадан ашуун жаран камакка алынган. Ички иштер министрлиги билдиргендей, аларга Кылмыш-жаза кодексиндеги “Массалык башаламандыктарды уюштурууга даярдануу” беренеси (36, 278) менен козголгон кылмыш иштин алкагында тергөө жүргүзүлүүдө.