Өлкө аймагында зордук-зомбулукту, экстремизмди жана терроризмди алдын алуу боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалым болгондой, иш-чара үстүбүздөгү жылдын 24-октябрынан 2-ноябрына чейин Чүй, Талас, Нарын, Ысык-Көл облустарынын аймагында өттү. Ага аймактагы коомдук алдын алуу борборлорунун мүчөлөрү, аксакалдар жана аялдар кеңештери, жаштар комитеттеринин өкүлдөрү, милициянын аймактык тескөөчүлөрү, жашы жете электер менен иштөө инспекторлору жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кызматкерлери катышты.
Окутуулар "зордук-зомбулукту, экстремизмди жана терроризмди алдын алуу, ага каршы иш жүргүзүүдө жергиликтүү жамааттардын туруктуулугун бекемдөө" темасында уюштурулду.
Иш-чаралардын аягында катышуучуларга ИИМдин экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү боюнча кызматы тарабынан даярдалган диний экстремизмди алдын алуу темалары боюнча усулдук буклеттер, эстеткичтер таратылды.