Жалал-Абадда экстремисттик материалдарды тараткан Өзбекстандын жарандары кармалды

Жалал-Абадда экстремисттик идеяны тараткан өзбекстандык үй-бүлө аныкталды. Бул туралуу SUPER.KG порталына Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, ушул жылдын 30-августунда милиция кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам иш-аракеттердин натыйжасында, чет өлкөнүн жарандары Кыргызстандын аймагында экстремисттик материалдарды даярдоо, таратуу жана жайылтуу иштерин активдүү жүргүзүп жатышат деген маалымат алынган. Анын негизинде "экстремисттик материалдарды даярдоо, таратуу" беренеси менен катталып, кылмыш иши козголгон.

Ыкчам иш-аракеттердин натыйжасында, экстремисттик материалдарды таратып жаткандар Өзбекстандын жарандары экендиги такталган. Алар бир үй-бүлө мүчөлөрү: жолдошу 1967-жылы туулган Э.Т., жубайы 1976-жылы туулган Э.З. жана алардын баласы 1994-жылы туулган У.А. болушкан. Алар 2006-жылдары мамлекеттик чек араны мыйзамсыз жол менен бузуп өтүп, качып келгени такталган.

Өзбекстандын укук коргоо органдары тарабынан экстремизм багыты боюнча Э.Т.га издөө жарыялангандыктан үй-бүлөсү менен качып, Кара-Суу районунун аймагына өтүп келишкен. Кийин “Хизбут Тахрир” партиясынын активдүү мүчөлөрү менен байланышта болуп, алардын жамаатына кошулуп, өз ишмердүүлүктөрүн Кара-Суу районунун жана Жалал-Абад обласунун аймагында улантып, ар кайсы жерлерде сабактарды уюштуруп келишкен.

Мындан сырткары алар интернет тармагын да жакшы өздөштүрүп социалдык тармактар аркылуу фейк аккаунттар аркылуу экстремисттик материалдарды даярдап, жайылтып келишкен.

Э.Т. ден соолугу жакшы болбогондуктан 2021-жылы каза болгон. Андан кийин “Хизбут-Тахрир” партиясынын ишмердүүлүгүн жубайы жана уулу улантып келишкен. Ушул жылдын 7-октябрь күнү Жалал-Абад шаардык тергөө сотунун берген уруксат токтомдорунун негизинде жогорудагы жарандардын ижарада жашаган үйү жана кийим-кече сатуучу контейнерине тинтүү жүргүзүлүп, 3 уюлдук телефон, 41 экстремизм багытындагы материалдар алынып, тиешелүү экспертизалар дайындалган.

Бул материал Жалал-Абад ОИИБинин тергөө кызматы тарабынан тергелип, соттун кароосуна жөнөтүлдү.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
XATSAN125
2022-11-02 17:59:00
Ушул уюмга шектуулорду кармап убара болбой атып эле салбайсынарбф кармоо учурунда каршылык коргозду деп
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан