Мурдагы элчи Азимбек Бекназаровдун уулу Руслан Бекназаров 12-декабрга чейин үй камагына чыкты. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Биринчи Май райондук сотунан билдиришти.
Маалыматка ылайык, мындай чечимди сот бүгүн, 2-ноябрда чыгарды.
Руслан Бекназаров 14-сентябрь күнү экстремизмге шектелип кармалган. Ал Бишкек мэриясынын муниципалдык башкармалыгынын башчысынын Свердлов административдик округу боюнча орун басары кызматын ээлейт.