Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгы киши өлтүрүүгө шектелген эки кыргызстандыкты издеп жатат. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
"20-июнь күнү саат 11:00 чамасында Токтогул РИИБинин нөөмөт бөлүмүнө Үч-Терек районунда арыктан зомбулук менен каза болгон европа улутундагы адамдын жансыз денеси табылгандыгы тууралуу маалымат түшкөн. Өлтүрүлгөн адам 44 жаштагы Д.К. аттуу жаран экендиги аныкталган. Алдын ала маалымат боюнча, июнь айында ал жанындагы эки адам, тагыраагы 32 жаштагы Тилек Жаанбаев жана 24 жаштагы Марлен Аптандил уулун салып, Орусиядан унаасы менен келген. Кыргызстанга келгенде ал киши өлтүрүлүп, унаасын шектүүлөр уурдап кетишкен", - деп билдиришти ИИМден.
Милиция кызматкерлери унааны табышкан, бирок шектүүлөр жашырынып кеткен.
Тилек Жаанбаев менен Марлен Аптандил уулунун жүргөн жери тууралуу маалыматы барлар милицияга кайрылса болот. 0700045555, 0553551118, 0500676318, 0500676318.
Анонимдүүлүккө кепилдик берилет.