"Кооптуу". Кайгуул кызматы жарандарды өзүм билемдик менен жол тейлебөөгө чакырды

Жолдордогу жол чырактар өчүп калган учурда өзүм билемдикке салып, жол кыймылын жөнгө салуу кооптуу жана анын жоопкерчилиги мыйзамда каралган. Бул тууралуу милициянын кайгуул кызматынан билдиришти.

"Урматтуу шаар тургундары Бишкек шаарыбыздын көчө кесилиштеринде бүгүнкү күндө 300дөн ашуун жол чырак бар. Алардын 10-12си бир күндө ар кандай техникалык же свет өчүүдөн улам өчүп, кайра күйүп турат. Ошондой учурларда айдоочулар үчүн орнотулган “башкы жол”, “жол бошот” өңдүү жол белгилери жана жол чийиндери бар. Мына ошол белгилерге карап айдоочулар кызматкерлер келгиче жол кыймылын улантып туруусу оң.

Мындай фактылар катталган учурда 102 номерине чалып же кайгуул кызматына кабарлап коюңуздар. Өз билемдикке салып, жолго чыгып жол кыймылын жөнгө салуу кооптуу. Анын жоопкерчилиги мыйзамда да каралган", - деп жазылат билдирүүдө.

Акыркы убактарда шаарда жол чырак иштебей калган учурда жарандардын жол кыймылын жөнгө салган учурларда көбүрөөк кездешүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Alixan-Nookat.2015
2022-11-02 21:40:00
Алардын формасы эле жок болбосо силердин кызматкерлерден жакшы билет тейлегенди
+1
Asmat84
2022-11-02 22:55:00
Эмне уялып кеттиңерби.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан