Бүгүн, 2-ноябрда легендарлуу "Кыз-Бурак" тобу аркылуу элге аты таанылган эстрада жылдызы Айжамал Кабылова 40 жашка толду. SUPER.KG порталы ырчыны куттуктап байланышка чыкканда, ыраазычылыгын айтып, туулган күнүн жакындарынын курчоосунда өткөрүп жатканын билдирди.
"Бир жашка картайып жатканым эле болбосо бүгүнкү маанайым сонун. Биринчилерден болуп түнкү саат 00:00гө 10-15 мүнөт калганда өзүмдүн балдарым куттуктады. Балдарымдын мага жасаган таттуусу, күтүлбөгөн белеги мен үчүн сөз менен жеткирилгис кубаныч болду.
Андан кийин эле эң жакын адамдарым - апам, бир туугандарым, жакын көрүп жакшы көргөн адамдарымдын бардыгы куттукташты. Учурдан пайдаланып аларга ыраазычылык билдирем. 40 жашты өтө деле эл астында болуп белгилегим келген жок. Жөн гана жакындарымдын курчоосунда өтүүдө", - деди ырчы.
Белгилей кетсек, Айжамал Кабылова 1982-жылы 2-ноябрда Ош облусуна караштуу Кара-Суу районунун Отуз-Адыр айылында төрөлгөн. Болочоктогу ырчы 6-классынан тарта "Кыз-Бурак" тобуна алынып, аталган топтун негиздөөчүсү жана жетекчиси Гүлшайыр Садыбакасованын колунда тарбияланган.
Турмушка чыкканга чейин аталган топто чыгармачылыгын өстүрүп, үй-бүлөлүү болгон соң топтон кетип, чыгармачылыгында тыныгуу жасаган. Ал арада ырчы 1 кыз, 1 уулдуу болгон. 2010-жылдан тарта Айжамал Кабылова жеке ырчы катары чыгармачылыгын уланткан.