Супер фактылар: Эмне үчүн аялдар эркектерге караганда көбүрөөк укташы керек?

Окумуштуулардын изилдөөсүнө ылайык, аялдар эркектерге караганда орто эсеп менен 20 мүнөткө көбүрөөк укташы керек. Себеби айымдардын мээси көпчүлүк учурда эркектерге караганда активдүү иштейт.

Супер фактылар рубрикасында анын 5 себебин айтып беребиз.

1. Көпчүлүк учурда аялдардын күнү активдүү өтөт

Дүйнөдө көптөгөн аялдар толук же толук эмес жумуш күнү менен иштешет. Ошондой эле балдарды карашат, жумуштан кийин кечки тамак жасоо жана башка үй жумуштары бар. Мунун баары аларды күндөн-күнгө чарчатат. Ошондуктан алар көбүрөөк уйкуга муктаж. Ар башка улуттун, маданияттын өзгөчөлүктөрүн жараша аялдын көптөгөн милдеттери бар, алардын айрымдары ден соолугуна терс таасирин тийгизет.

2. Аялдар көбүрөөк гормоналдык өзгөрүүлөргө дуушар болушат

Жыныстык жетилүү, гормондордун айлык айырмачылыктары - мунун баары аялдын организмине олуттуу таасир этет. Ошондой эле кош бойлуулук жана менопаузаны эске алуу зарыл. Аялдардын мээси да көбүрөөк уйкуга муктаж, анткени аялдар эркектерге караганда тынчсыздануу жана депрессияга көбүрөөк дуушар болушат.

3. Көпчүлүк айымдар толук кандуу эс алышпайт

Кичинекей балдары бар эне аларды тамактандырышы, уктатышы керек. Бул үчүн тамак-аш даярдоого жана тазалоого убакыт табуу үчүн убакытты туура синхрондоштуруу керек. Уйкунун жетишсиздигинен аялдын кыжырдануусу күчөшү мүмкүн.

4. Уйкунун жетишсиздиги ашыкча салмакка алып келет

Эркектер аялдарга караганда оңой аныктайт. Эгерде аял ашыкча салмактан жабыркаса, уйкунун бузулуу коркунучу жогору. Анын үстүнө уйкунун жетишсиздигинен стресс гормону кортизол көп санда өндүрүлүп, табиттин жогорулашына жана ашыкча салмакка алып келет.

5. Аялдын мээси башкача иштейт

Эркектерге салыштырмалуу аялдар такыр башкача ой жүгүртүшөт – аларда бардык деталдар байланышкан. Алар аналитикалык ой жүгүртүүнү жана интуицияны камтыйт. Аялдар көп иштерди аткарууга жөндөмдүү, бир эле учурда көп нерсени жасоого болгон каалоосу тез эле жоголбойт, ошондуктан уктабай, бүтпөгөн иштери менен алектене беришет, ушундан улам алардын уйкусу кыйындайт.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан