Бишкекте өтө турган самбо боюнча дүйнө чемпионатына 55 өлкө катышуу ниетин билдирди

Бишкекте алгачкы жолу өтө турган самбо боюнча дүйнө чемпионатына 55 өлкө катышуу ниетин билдирди. Мелдеш 11-13-ноябрь күндөрү өтөт. Бул тууралуу маалымат жыйында Дене тарбия жана спорт департаментинин директору Канат Шабданбаев билдирди.

Белгиленгендей, иш-чара Бишкек шаарынын Арча-Бешик конушундагы "Газпром" спорттук комплексинде өтөт.

"Бүгүнкү күндө самбо боюнча дүйнө чемпионатына дүйнөнүн 55 өлкөсүнөн 420дан ашык спортчу катышууга билдирүү беришти. Мындай масштабдуу иш-чарага даярдануу жана өткөрүүгө мамлекеттен 4 миллион сомго жакын каражат бөлүндү", - деди Шабданбеков.

Ал белгилегендей, учурда Кыргызстандын самбо боюнча курама командасы Ысык-Көл облусунда окуу-машыгууларын өткөрүшүүдө жана чемпионаттын өтүүсү спортту жана сергек жашоо образын жайылтууга, өлкөнүн спорттук беделин чыңдоого чоң салым кошот.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан