Бүгүн, 3-ноябрга караган түнү Чемпиондор Лигасынын тайпалык баскычынын акыркы турдук оюндары өтүп, плей-оффко чыккан бардык командалар аныкталды.
Тайпада биринчи орун менен "Бавария", "Челси", "Тоттенхэм", "Манчестер Сити", "Наполи, "Порту", "Бенфика" жана учурдагы чемпион "Реал Мадрид" командалары чыкты.
Ал эми тайпада экинчи орун менен "Брюгге", "Боруссия Дортмунд", "Айнтрахт", "Интер", "Милан", "Лейпциг", "Ливерпуль" жана "ПСЖ" командалары чыкты.
Чемпиондор Лигасынын 1/8 финалына чүчү кулак 7-ноябрь күнү ташталат.