Бишкекте мас абалындагы жаран кайгуул кызматкерлерине баш ийбей койду

Бишкекте мас абалындагы жаран кайгуул кызматкерлерине баш ийбей койду. Бул тууралуу SUPER.KG порталына милициянын кайгуул кызматынан билдиришти.

Маалымдалгандай, кечээ, 2-ноябрда болжол менен саат 12:10 чамасында “102” кызматына Курманжан Датка көчөсүндө жайгашкан кийим тигүүчү цехтердин биринде мас абалындагы жаран ызы-чуу салып жатат деген маалымат келип түшкөн.

Айтылган дарекке ошол замат кайгуул кызматкерлери барып, маалыматты тактаганда 1991-жылы туулган Н.Б. аттуу жаран мас абалында майда бейбаштык кылып жаткандыгы аныкталган.

"Ал кызматкерлердин мыйзамдуу талабына да баш ийбей, качып кеткен. Бирок кийин кармалып, андан ары тийиштүү чара көрүү үчүн Свердлов райондук ички иштер башкармалыгына жеткирилген", - деп айтылат билдирүүдө.

Бишкекте мас абалындагы жаран кайгуул кызматкерлерине кол салды
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан