Красноярскта бир эле үйгө 3 миңден ашык кыргызстандык каттоого турганы аныкталды

Орусиянын Красноярск шаарынын тургуну үйүнө 3280 Кыргыз жаранын мыйзамсыз каттоого тургузганы аныкталды. Мындай маалымат Орусиянын Ички иштер министрлигинин Красноярск аймагы боюнча башкы башкармалыгынын сайтына жарыяланды.

Маалыматка ылайык, 2020-жылдын апрель айынан 2021-жылдын декабрь айына чейин эки аял жашаган жери боюнча жасалма каттоого туруу же жүргөн жери боюнча каттоого туруу боюнча документтерин жергиликтүү бийлик органдарына тапшырган. Мындан улам 3 миңден ашык жараны Орусиянын аймагында жүрүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болгон. Алардын 3 миң 280и жасалма түрдө аялдардын биринин жеке үйүндө катталган.

Учурда бул факты боюнча кылмыш иши козголду.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан