Тараз шаарында өтүп жаткан эркин күрөш боюнча эл аралык турнирде кыргызстандык балбандар Алмаз Саманбеков (57 килограмм) жана Эрназар Акматалиев (70 килограмм) финалга чыгышты.
Ал эми Орозобек Токтомамбетов (70 килограмм) коло үчүн күрөшөт. Мелдештин финалдык беттеши бүгүн саат 18:00дө башталат.
Белгилей кетсек, турнир кечээ, 3-ноябрда башталган. Ага Кыргызстандын эркин күрөш боюнча курамасы катышууда.