Опузалап талап кылуу фактысы боюнча "МИР24.kg" маалымат порталынын директору кармалды. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Ички иштер министрлигинин маалымат кызматынан билдиришти.
Маалым болгондой, учурда жарандын ар-намысына жана кадыр-баркына шек келтирген маалыматтарды таратуу шылтоосу менен коркутуп, 10 миң доллар акчаны опузалап талап кылуу фактысы боюнча тергөө амалдары жүрүп жатат.
Аталган фактынын негизинде ушул жылдын 3-ноябрында 2000 долларын өткөрүп берүү учурунда бир катар адамдар кармалды. Министрликтин маалыматына караганда, алар 2016-2017-жылдардагы социалдык тармактарда жарыяланган аудиожазууларды шантаж кылуу жолу менен Жогорку Кеңештин депутаттарынан акча каражатын талап кылган.
Кылмыштын негизги аткаруучусу болуп "МИР24.kg" маалымат порталынын башкы директору С.С. болуп саналат.
Ошондой эле бул кылмышка көмөктөшкөндүгү үчүн шектелип "МИР24.kg" маалыматтык порталдын оператору Б.у.К. кармалды.
Азыркы учурда Кылмыш жаза-кодексинин 208-беренесинде (Опузалап талап кылуу) каралган кылмыштын белгилери менен кылмыш иши козголуп, тергөө иштери жүргүзүлүүдө.
Кармалган жарандар Жазык-процесстик кодексинин 96-беренесине ылайык, Бишкек ШИИББнин убактылуу кармоочу жайына киргизилди.