Футбол боюнча Дүйнө чемпиондугу башталарына саналуу гана күндөр калганда Германия улуттук курама командасы чабуулчусу Тимо Вернерден ажырады. Бул тууралуу чет элдик спорттук басылмалар жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, 26 жаштагы чабуулчу Чемпиондор Лигасынын тайпалык баскычынын акыркы турдук оюнунда жаракат алган. Мындан улам ал 2022-жылдын аягына чейин оюндарга катыша албайт.
Футболчу "Лейпциг" - "Шахтёр" оюнунда жаракат алып, 19-мүнөттө алмашууга кеткен.
Катарда өтө турган футбол боюнча Дүйнө чемпиондугу 20-ноябрда старт алып, 18-декабрга чейин уланат.