Бишкектен Москвага башка бирөөнүн паспорту менен учууга аракет кылган жаран кармалды

"Манас" эл аралык аэропортунан башка бирөөнүн паспорту менен учууга аракет кылган жаран кармалды. Бул тууралуу УКМКнын Чек ара кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, Бишкек-Москва каттамындагы паспорттук текшерүүдөн өтүп жаткан кыргызстандык жаран кармалган. Анын документтерин текшерүү учурунда паспорттогу сүрөтү менен алып жүрүүчүнүн сырткы келбетинде айырмачылыктар бар экени аныкталган.

И.К. аттуу жаран учуу үчүн башка бирөөнүн паспортун колдонгону белгилүү болгон.

Учурда кармалган адам кошумча иликтөө иштерин жүргүзүү үчүн компетенттүү органдарга өткөрүлүп берилди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан