Түштүк Корея чек арада Түндүк Кореянын учактары байкалгандан кийин абага 80 истребителин көтөрдү

Түштүк Корея Түндүк Кореянын 180 аскер учагынын чек арага жакын жерде кыймылын каттады. Буга байланыштуу Түштүк Кореянын куралдуу күчтөрү шашылыш түрдө 80 истребителди абага көтөрдү. Бул тууралуу Рёнхап агенттиги жарыялады.

"Түштүк Корея Түндүк Кореянын 180ден ашык аскерий учагынын кыймылын каттады, ага жооп иретинде жашыруун истребителдер абага көтөрүлдү", - деп айтылат агенттиктин билдирүүсүндө.

Кечээ Түштүк Корея менен АКШнын коргоо министрлеринин жолугушуусу болду. Сүйлөшүүлөрдөн кийин эки өлкөнүн өкүлдөрү АКШга жана анын союздаштарына ядролук чабуул жасалса катуу жооп болору белгиленген.

Акыркы бир нече күндө Түндүк Корея Түштүк Кореяны көздөй ракеталарды көбүрөөк учурууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Zarema11
2022-11-04 16:41:00
Кудай ай, дүйнө тынч болсо экен. Тынчтыкты сүйбөгөн согушкерлердин жазасын Жараткан берсе экен тезиреек.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан