Футбол: "Абдыш-Ата" клубу тарыхында биринчи жолу өлкө чемпиону болду

Канттын "Абдыш-Ата" футболдук клубу мөөнөтүнөн мурда футбол боюнча Кыргызстандын чемпиону болду.

Бүгүн, 4-ноябрда турнирдик жадыбалда канттык клубдун эң негизги атаандашы болгон "Алай" клубу бишкектик "Илбирс" клубу менен тең чыкты. Буга байланыштуу канттык клуб мөөнөтүнөн мурда өлкө чемпиону болду.

Муну менен "Абдыш-Ата" клубу тарыхында алгачкы ирет өлкө чемпиону болду.

"Абдыш-Ата" клубу эртең, 5-ноябрда акыркы турдук оюнда бишкектик "Алга" клубу менен конокто ойнойт.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан