Санрабия Сатыбалдиева эч жакка чыкпоо тил каты менен бошотулду

Журналист Санрабия Сатыбалдиева эч жакка чыкпоо тил каты менен бошотулду. Бул тууралуу укук коргоочу Азиза Абдирасулова билдирди.

Учурда жарандын ар-намысына жана кадыр-баркына шек келтирген маалыматтарды таратуу шылтоосу менен коркутуп, 10 миң доллар акчаны опузалап талап кылуу фактысы боюнча тергөө амалдары жүрүп жатат.

Аталган фактынын негизинде ушул жылдын 3-ноябрында 2000 долларын өткөрүп берүү учурунда бир катар адамдар кармалды. Министрликтин маалыматына караганда, алар 2016-2017-жылдардагы социалдык тармактарда жарыяланган аудиожазууларды шантаж кылуу жолу менен Жогорку Кеңештин депутаттарынан акча каражатын талап кылган.

Кылмыштын негизги аткаруучусу болуп "МИР24.kg" маалымат порталынын башкы директору С.С. болуп саналат.

Санрабия Сатыбалдиева "Мир24" сайтында иштейт.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан