Спортчу Дмитрий Бивол кезектеги жеңишинен кийин күйөрмандарына кайрылып, колдоо үчүн ыраазычылыгын билдирди. Мушкер видео кайрылууну Орусия менен Кыргызстандын желегинин жанында жасаган. Кайрылуу анын социалдык тармактагы баракчасына жайгаштырылды.
"Бардык колдоочуларга чоң рахмат. Биз жумушту жасадык, кур биз менен. Кийинки беттештерге чакырууларды күтөбүз. Куттуктоолор үчүн баарыңарга рахмат", - деген спортчу.
Спортчу Дмитрий Бивол мексикалык мушкерди жеңип Дүйнө чемпиону наамын сактап калды.
Маалым болгондой, Кыргызстанда төрөлүп-өскөн профессионал боксчу, Орусиянын эл аралык класстагы спорт чебери. Дмитрий Бивол бокс боюнча мелдеште мексикалык Хильберто Рамирести жеңди. Мелдеш Абу-Даби шаарында өттү.