Бүгүн, 6-ноябрда Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти Алина Жетигенова өздүк майрамын белгилеп жатат. Ырчыны туулган күнү менен куттуктап, байланышканыбызда маанайы мыкты экенин айтып, жакшы жаңылыктары менен бөлүштү.
"Бүгүн эң кубанычтуу күндөрдүн бири болуп турат. Эртең мененден бери куттуктоолор жамгырдай жаап, аябай көңүлүм көтөрүлдү. Эң биринчилерден болуп балдарым түнкү саат 12ден өткөндө торт, ыр, гүл менен куттукташты. Бул туулган күнүмдө кош майрам болуп турат десем болот. Анткени бүгүн мамлекеттик деңгээлде сыйлоо аземи болду. Анда "Улуттун сыймыгы" медалы менен сыйланып, кубанычым койнума батпай турам. Туулган күнүмдү утурлай, социалдык тармактар аркылуу күйөрмандарымдан да жылуу куттуктоолорду алып жатам. Эң негизгиси кайнене, кайната, ата-эне, бир туугандарым, балдарым, неберелерим жанымда болуп, жакшы сөздөрүн арнап жатышат. Мындан өткөн бакыт жок деп ойлойм", - дейт Жетигенова.
Алина Жетигенова 1964-жылы Талас облусунун Арал айылында төрөлгөн. Мектепти аяктаган соң Т.Сатылганов атындагы Улуттук филармониянын алдындагы эстрадалык студияга кирген. Окуп жүргөндө Асылбек Рысалиевдин "Жетиген" тобунда ырчы болуп, "Бозойго" аттуу ыры менен Алина деген аты эл оозуна алынган.
1991-жылы Тарас Асанакуновдун уюштуруусу менен "Роза гүлү" аттуу эстрадалык топ ачылып, Алина Жетигенова, Расул Маматкулов, Айчүрөк Иманалиева, Динара Акулова менен биргеликте иштеп калган.