"Ат басып калып...". Сузакта 8 жана 12 жаштагы эки бала каза болду

Жалал-Абаддын Сузак районундагы Боз-Чычкан айылында ат басып калып эки бала каза болду. Бул тууралуу маалыматты SUPER.KG порталына облустук милициянын маалымат кызматынан билдиришти.
Кабарлангандай, окуя кечээ, 5-ноябрь күнү саат 16:00 чамасында орун алган.
Барпы айылдык ооруканасынын "Тез жардам" кызматы милицияга эки баланы ат басып калып, окуя болгон жерде каза болушканын билдирген.
"Билдирүү Сузак райондук ИИБинин маалыматтардын электрондук журналына кокустук катары катталды. Учурда териштирүү иштери жүрүп жатат. Текшерүү учурунда балдардын ата-энеси арыз жазуудан жана сөөктөрдү соттук-медициналык экспертизадан өткөрүүдөн баш тартты", - деп айтылат милициянын билдирүүсүндө.
Ал эми балдардын сөөгү бүгүн жерге берилди. Алардын бири 12, экинчиси 8 жашта болгон. Күтүүсүз кырсыктан каза болгон окуучулар бир тууган ага-ининин балдары экени айтылды.

Каза болгон балдардын улуусу мектепте 6-класста, кичүүсү 2-класста окучу.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
mirbek2211
2022-11-06 20:07:00
Ата энесине сабыр тилейбиз, жайы жаннаттан болушсун.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан