"ПСЖ" футболдук клубунун чабуулчусу Лионель Месси "Барселонада" чогуу ойногон мурдагы командалашы Жерар Пикенин карьерасын бүтүрүү чечимине эч кандай комментарий берген жок. Бул тууралуу чет элдик спорттук басылмалар жазышты.
Жерар Пике 3-ноябрда клубдагы карьерасын аяктаганын жарыялаган. Андан кийин көптөгөн футболчулар коргоочуга урмат-сый жана колдоо сөздөрү менен кайрылышкан, бирок Месси үн каткан эмес.
Лионель Мессинин чечими акыркы жылдары пайда болгон эки оюнчунун ортосундагы чыр-чатакка байланыштуу. Месси "Барселона" клубунда ойноп жүргөндө маянасын кыскартуудан баш тартканы үчүн Пике экөөнүн ортосунда жаңжал чыккан. Мындан улам ал Пикени карьерасынын аякташы тууралуу сөз кылбайт.
Кечээ, 6-ноябрда өткөн "Барселона" - "Алмерия" беттеши Пике үчүн акыркы оюн болду. Ал коштошуу сөзүн сүйлөп жатып көзүнө жаш алды.