Ооганстандын мурдагы президенти Хамид Карзайдын бир тууганы Махмуд Карзай Кабул эл аралык аэропортунда "Талибан" кыймылынын өкүлдөрү тарабынан камакка алынды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.
Маалыматка ылайык, Махмуд Карзай Дубайга учууга аракет кылып жаткан учурда кармалган. Ал буга чейин мурдагы өкмөттө министр болуп иштеген.
"Талибан" кыймылы анын камакка алынганы тууралуу кабарга комментарий бере элек.
Маалымат үчүн: "Талибан" кыймылы Кыргыз өлкөсүнүн аймагында террордук жана экстремисттик уюм катары таанылып, ишмердүүлүгүнө тыюу салынган.