Тогуз коргоол кыргыз элинин улуттук интеллектуалдык оюну болуп саналат. Бул оюн логиканы өнүктүрүүгө жана так эсептөөгө жардамын тийгизип, сабырдуулукка үйрөтөт.
Өлкөдө оюндун бул түрү менен машыккандардын саны арбын. Атүгүл дүйнөлүк чемпионаттан алдынкы орундарды багындыргандар да жок эмес.
SUPER.KG порталы тогуз коргоолду мыкты өздөштүрүп, оюндун бул түрүн жайылтууга салымын кошкон 28 жаштагы Айтурган Максатбек кызы менен маек курду.
- Саламатсызбы, Айтурган айым. Тогуз коргоол оюнуна кантип кызыгып калдыңыз? Оюндун таржымалы, эрежелери менен тааныштырсаңыз.
- Саламатчылык. Мен тогуз коргоолду 2008-жылдан бери ойноп келем. Апам тогуз коргоол боюнча мугалимдер арасындагы таймашка катышам деп үйгө тогуз коргоолдун тактасын алып келген. Ошентип үй-бүлөбүз менен бул оюнга кызыгып, чогуу ойноп баштаганбыз. Менден кийинки үч иним да тогуз коргоол ойношот.
Тогуз коргоол - кыргыздын эң байыркы оюндарынын бири. Бул оюн туурасында "Манас" эпосунда:
"Жалпак жыгач чаптырып,
Чараларын оюшуп
Бир жагына бир тогуз,
Бир жагына бир тогуз,
Үй чыгарып коюшуп…" деп айтылганы да бар.
Тогуз коргоолдун жаралышы боюнча легендалар айтылып жүрөт. Ага ылайык, илгери жолоочулар төөлөрүнүн үстүнө ар түркүн нерселерди жүктөп алып кетип бара жатканда бир жерге түнөөгө мажбур болушат. Эки чоң нар төөнү жүгү менен ортого коюп, калгандарын тегерете уктап калышат экен. Эртеси күнү кетип бараткан жолун андан ары улантып кетишет. Кокусунан өтүп бара жаткан башка жолоочулар ошол жерге жакшылап көз жүгүртүшсө, эки тарабы тогуздан он сегиз, ортосунда эки чоң төө жаткан орундар жерге чөгүп кеткенин көрүшөт. Төөлөр жаткан чуңкурларга төөнүн коргоолдору (төөнүн кыгы) кургак болуп катып калган экен. Окуяга кабыл болгон жолоочулардын бири ойлонуп олтуруп, ушул оюнду ойлоп тапкан деген кептер да айтылып калган экен.
Азыркылар бул оюнду мурун коргоолдор менен ойношчу деп ойлошу мүмкүн. Негизи коргоолдун формасындагы асыл таштар, жаңгактар менен ойношкон делет. Мындан тышкары илгери кыргыздар тогуз коргоолду ойноо үчүн жерлерди, таштарды, андан соң жыгачтарды оюп ойношкон деп да айтылып жүрөт. Азыр эми атайын желим формаларда ойноп келебиз.
Учурда бул оюнду 30дан ашык мамлекетте ойноп келет. Эң күчтүү ойногон мамлекеттер бул - Казакстан жана Кыргызстан. Андан кийинки эле орунда Монголия, Чехия, Түркия жана Өзбекстан турат.
Тогуз коргоол - оюн тактасынан жана 162 таштан турат. Тактанын эки жагында тогуздан үй жана ортодо эки казан болот. Оюнчунун казаны атаандашына жакын турат. Казан оюнда колдонулбайт, бир гана коргоолдорду чогултуу үчүн керек. Оюн башында ар бир үйдө тогуздан таш болот.
Оюндун максаты - атаандашыңан өз казаныңа 82 же андан көп таш утуп алуу. 81 коргоол уткан болсо, оюн тең чыгуу менен аяктайт. Оюнду баштоо укугу тараптардын келишими же чүчүкулак кармоосу менен аныкталат. Жүрүш жасаган оюнчу өз тарабындагы каалаган үйдөн таштарды алып, ошол эле үйдөн баштап оң жакка карай бирден салып жүрүп олтурат. Үйлөрдү секирип же болбосо бир үйгө экиден таш салуу мүмкүн эмес. Жүрүш тогузунчу үйдөн кийин атаандаштын үйлөрүнө кетет. Эгер акыркы таш атаандаштын үйүнө түшүп, ал үйдөгү таштардын саны жуп болсо жүрүш натыйжалуу болуп эсептелет да, оюнчу ошол үйдөгү таштардын баарын өз казанына алат. Эгерде жүрүш жалгыз ташы бар үйдөн жасалса, таш кийинки үйгө конот да, жүрүш башталган үй бош калат.
Оюндун эрежеси боюнча оюнчуларга 1:30 саат убакыттан берилет.
- Бул оюнду баары эле өздөштүрүп кете алабы же буга дагы кандайдыр бир шык, жөндөм керекпи?
Тогуз коргоол оюнун баары эле үйрөнө алат, бирок баары эле жогорку деңгээлде өздөштүрүп кете албайт деп ойлойм. Анткени мыкты өздөштүрүү үчүн чыдамкайлык жана талыкпаган аракет керек.
- Оюн учурунда эмнелерге көңүл бурасыз? Каршылашыңызды жеңип алуунун сыры эмнеде, кандай ыкмаларды колдоносуз?
- Оюн учурунда алгач каршылашымдын кайсы жактан келгенине, машыктыруучусу ким экенине көңүл бурам. Анткени ар бир машыктыруучунун, оюнчунун өзүнүн стили болот. Кээ бири коргонууда, айрымдары чабуулда ойношот, ошого жараша ойноп, утса болот. Ийгиликке жетүүмдүн башкы себеби, чыдамкайлыгым болсо керек.
Мектепте окуп жүргөн кезимде үй-бүлөм менен ойноп, таймаштарга даярдыктар үйдө болчу. Кийин Кыргыз улуттук университетине тапшырып, азыркы машыктыруучум Нурия Султанмуратова менен машыгып баштагам. Күн сайын эки сааттан алты саатка чейин даярданчубуз. Окууну бүткөн соң өзүм дагы машыктыруучу болуп иштеп баштадым. Азыркы учурда Play.ok деген сайт бар, ошол жактан тогуз коргоолду билген бардык мамлекеттин оюнчулары менен онлайн ойноп, машыгып жатам.
- Тогуз коргоол оюнунун артыкчылыгы жана пайдасы кандай?
- Бул оюн эң башкысы адамды сабырдуу, чыдамкай болууга, кенен ой жүгүртүүгө жардам берет. Так эсептөөнү, пландоону үйрөтөт. Жашоомдо пайдасын көп сездим. Мисалы, бир жумуш баштар алдында ар кандай варианттарын карап көрүп, кайсынысы пайдалуураак экенин билип, талдап каласың. Ыкчам чечим чыгарууну да үйрөтөт. Мындан тышкары бул оюндун аркасы менен көп жер көрүп, көз караштарымды өзгөртө алдым десем жаңылышпайм.
- Оюндун бул түрү менен машыккан жаш муундарга, болочок чемпиондорго кандай кеңешиңизди бересиз?
- Тынбай мелдештерге катыша берүү керек. Таймашта башка жактын оюнчулары менен ойноп, алардын ыкмаларын көрүп, жөндөмдөрүн арттыра алат. Эң башкысы таштап салбай, сабырдылуук менен аракет кылса, албетте, ийгилик сөзсүз жылмаят.
Каарманыбыз тогуз коргоол менен гана чектелбестен, комузда кол ойнотуп, окуучуларга сабак берип келет. Ошондой эле спорттун теннис, волейбол түрү менен да машыгат. Учурда ал тогуз коргоол боюнча 19-ноябрда Казакстанда боло турган дүйнөлүк чемпионатка даярданып жаткан чагы.