Бишкекте ырчы Гүлназ Чыныбек кызынын тушоо кесүү концерти өтүүдө

Бүгүн, 8-ноябрда Бишкек шаарындагы Каба уулу Кожомкул атындагы спорт ордосунда кыргыз эстрада ырчысы Гүлназ Чыныбек кызынын тушоо кесүү концерти өтүүдө.

Ырчы концертти бийчилердин коштоосунда, "Салам ыры" аттуу ыры менен ачып берди.

"Кыргыз элиме таазим кылып, салам айтам. Ушул убакытта, ушул саатта сиздер менен жоолугуп турганыма аябай кубанып турам. Буюрса, жакшы маанайда менин эмгектериме күбө болосуздар", - деди ал.

Концерттин алып баруучулук тизгини Айзада Жамгырчиева менен Улан Сыдыковго тапшырылган. Концертти сахналаш достору, ырчылар Данияр Эрматов, Дайыр Исмадияров, Кенже Дүйшеева, Добр коштоп жатат.



РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан