Гүлназ Чыныбек кызы тушоо кесүү концертинде эки бөлмөлүү батир белекке алды

Бүгүн, 8-ноябрда эстрада ырчысы Гүлназ Чыныбек кызынын тушоо кесүү концерти болуп өттү. Анда ырчыга курулуш компаниялардын бири эки бөлмөлүү батир берди.

Ошондой эле Жогорку Кеңештин депутаты Жанар Акаев "Альянс" фракциясынын ыраазычылык катын тапшырса, Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин өкүлү Ардак грамота менен сыйлады.

Гүлназ Чыныбек кызы жеке концертинде дизайнер Арзуубек Вонаманын "VONAMA DRESS" брендине таандык 20 килограммдык көйнөк кийип чыкты.

Концерттин алып баруучулук тизгини Айзада Жамгырчиева менен Улан Сыдыковго тапшырылган. Концертти сахналаш достору Данияр Эрматов, Дайыр Исмадияров, Кенже Дүйшеева, Добр коштоду.

Белгилей кетсек, ырчынын тушоо кесүүү концерти Бишкек шаарындагы Каба уулу Кожомкул атындагы Спорт Ордосунда өттү.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Аkjol18
2022-11-08 23:28:00
Чыгармачылык ийгилик,ден-соолук. Үй-бүлөлүк бактылуулук каалайбыз! Жаркылдак кыз,жадырап жайнап күлүп жүрө бер ылайым.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан