Кыргыз балбаны Жоламан Шаршенбеков Бүткүл дүйнөлүк күрөш уюмунан (UWW) 5 миң доллар акчалай сыйлык алат. Мындай маалымат аталган уюмдун расмий сайтына жарыяланды.
Маалыматка ылайык, аталган уюму күрөш сезону жабылгандыгына байланыштуу ар бир салмактык категорияда рейтингде алдынкы үчтүккө кирген балбандарга акчалай сыйлык, тагыраагы 10 миң доллардан бөлгөн. Рейтингде биринчи орунда тургандар 5, экинчидегилер 3, үчүнчү орунда тургандар 2 миң доллардан алышат.
Жоламан Шаршенбеков быйыл Белград шаарында өткөн күрөш боюнча Дүйнө чемпиондугунда чемпион болуп, рейтингде биринчи орунга көтөрүлгөн.
Ал эми 77 килограмм салмакта Акжол Махмудов учурда өзүнүн салмак категориясында 2-орунда. Ага 3 миң доллар акчалай сыйлык берилет.