Жалал-Абад облусунун Ноокен районундагы сайдан белгисиз аял кишинин жансыз денеси табылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен кабарлашты.
Маалыматка ылайык, жансыз дене Эски-Масы айлындагы сайдан табылган.
"Эски-Масы айылындагы сайда азиат түспөлүндөгү аялдын сөөгү жаткандыгы тууралуу маалымат 112 кызматына түшкөн. Жерине 3 куткаруучу тартылып, аялдын сөөгүн суудан чыгарып, ИИМдин кызматкерлерине өткөрүп беришти", - деп билдиришти Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен.