
Ош шаарында Кытай жараны өз жердешинин өмүрүн кыйды. Бул тууралуу Ош шаардык ички иштер башкармалыгынан билдиришти.
Билдирүүгө ылайык, 8-ноябрда саат 10:00 чамасында А.Навои кѳчѳсүндѳ жайгашкан “Пекин” мейманканасында 1978-жылы туулган Д. Ж. аттуу Кытай жараны киши колдуу болуп каза болгон. Бул өзгөчө оор кылмышка шектүү катары анын жердеши, 1980-жылы туулган К. П. аттуу жаран кармалган.
"Ал өзгөчө оор кылмыш жасагандыгын моюнуна алып, анын бул кылмышка баруусуна өз ара келишпестиктер себеп болгондугун билдирген. Шектүүнүн берген көрсөтмөсүнө ылайык, маркум анын жетекчиси болуп, көп ай кызмат акысын бербей жүргөн. Бул көрсөтмөлөр тергөө кызматы тарабынан текшерилип жатат", - деп билдиришти шаардык милициядан.
Адам өлтүрүү фактысы боюнча ыкчам тергѳѳ тобу барып, кароо жүргүзүлүп, маркумга карата соттук-медициналык экспертиза дайындалган.
Окуя боюнча ошол жерде жашаган маркумдун жана шектүүнүн жердештери, башка күбөлөр суралды. Ал эми шектүү убактылуу кармоочу жайга киргизилген.
Иликтөө иштери уланууда.