"Бирөөнүн атын минип качкан". Акын Болот Назаров кармалды

Чүй облусунун Москва районунда төкмө акын Болот Назаров тоноочулукка шектелип кармалды. Бул тууралуу Чүй облустук ички иштер башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 7-ноябрь күнү милицияга Беловодское айылынын тургуну арыз менен кайрылган. Арызында ошол эле күнү Чоң-Арык айылындагы талаада белгисиз эркек киши баласы минип жүргөн айгырын сүрөткө түшүп алайын деп сурап алып, анан мингенден кийин баласына күч колдонуп атын минген боюнча изин жашырып кеткенин айтып чара көрүүнү суранган.

Бул факты боюнча 8-ноябрь күнү кылмыш иши козголгон.
"9-ноябрь күнү ыкчам иш-чараларынын жүрүшүндө кылмыш жасаган адам 1993-жылы туулган Н.Б. аттуу жаран экендиги такталып, ал кармалып, убактылуу кармоочу жайына киргизилген. Уурдалган жылкы буюм далили катары алынган", - деп билдиришти облустук милициядан.
Учурда тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан