Казак мушкеринин оор нокауттан кийин комага түшүшү: WBA билдирүү жасады

Бүткүл дүйнөлүк бокс ассоциациясы (WBA) оор нокауттан кийин комага түшкөн казакстандык мушкер Айдос Ербосынулы боюнча расмий сайтында билдирүү таратты.

"Бүткүл дүйнөлүк бокс ассоциациясы (WBA) өткөн ишембиде Дэвид Моррел менен болгон беттештен кийин ооруканага түшкөн Айдос Ербосынулынун кырдаалын тыкыр көзөмөлдөп жатат. Казак мушкери кубалык мушкер менен катуу беттешип, 12-раундда нокаутка учураган. Ал болгон күчүн таза жеңишке арнаган", - деп айтылат билдирүүдө.

Ошондой эле WBA бул окуяга мониторинг жүргүзөт жана Ербосынулунун айыгып кетиши тез жана канааттандырарлык болот деп үмүттөнөт.

"Мындан тышкары биз бүт бокс дүйнөсүнөн ал үчүн дуба кылууну суранабыз", - деп кошумчалады WBA.

Эске салсак, 6-ноябрь күнү АКШда өткөн WBA версиясы боюнча супер орто салмактагы Дүйнө чемпиону титулу үчүн болгон беттеште казак мушкери оор нокаутка учурап, андан кийин комага түшкөндүгү кабарланган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан